24.09.2018 18:09

Депутат министрдин туугандары мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкканы тууралуу маалыматты текшерүүнү тапшырды

Депутат министрдин туугандары мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыкканы тууралуу маалыматты текшерүүнү тапшырды

Депутат Аида Касымалиева бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрин мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө чыкканы үчүн сынга алды. Маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууга алынды.

«Буга чейин Социалдык коргоо министрлигинин министри жана орун басарлары чет өлкөдө боло турган семинар, жолугушууларга адистерди жазбай, өздөрүн жаздырышат жана премьер-министрдин уруксааты жок эле чыгып кетип жатышат деген маалыматтарды көп эле угуп жүргөм. Мына, жакында эле чуу салган ушул министрликтин кызматкери Зууракан Каденова дагы эмгек өргүүсүндө жүргөн кезинде дипломатиялык паспорт колдонуптур. Биз баарыбыз эле жумуш менен чыгабыз иш сапарларга, бирок дипломатиялык паспортту эс алуу учурунда, же өзүбүздүн максатта колдонууга болбойт, тыюу салынат. Андан тышкары, премьер-министр уруксаат бербеген мезгилде дагы дал ушул министрлик өкүлдөрү эмгек өргүүсүн алып алышат экен», -деди Касымалиева.

Ал ошондой эле, министрликке ЮНИСЕФтен, эл аралык уюмдардан көп эле акча келерин айтып, бул акчалар  министрдин, же анын жакын туугандарынын чет өлкөгө чыгышын каржылоого жумшалбашы керектигин белгиледи.

«Министрликке ЮНИСЕФтен, башка эл аралык уюмдардан көп эле каражат келет. Алардын айрымдарын биз проценти менен кайрып беришибиз керек. Ал акчалар балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө бериле турган акча. Ал каражат министрдин, же анын жакын туугандарынын чет өлкөгө чыгышын каржылоого жумшалбашы керек. Мендеги такталбаган маалыматтар боюнча, 2017-жылы 2-8-февралда күйөөңүз, анын туугандары Сауд Аравияга барыптыр. Жолго кеткен чыгымды министрлик көтөрүптүр. 2017-жылы июнда күйөөңуз, балаңыз болуп, министрликтин акчасына  Швейцарияга иш сапарга барыпсыз, бирок, барган семинарыңызга катышпай, учактан түшүп эле кетип калыпсыз.  Кийин АКШга, Санкт-Петербургга барыпсыз. Булардын баарына министрликтин акчасы кеткен. Бул маалыматтар туурабы?», -деген эл өкүлү Мамлекеттик чек ара кызматына жана Башкы прокуратурага бул маалыматты текшерип, жообун берүүнү суранды.