13.09.2018 11:50

Депутат Пархат Тулендыбаев: «Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн -уят»

Депутат Пархат Тулендыбаев: «Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн -уят»

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин отурумунда «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев элди кыргыз тилин үйрөнүүгө чакырды. Депутат быйылкы, 2018-жыл Президенттин жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана Айтматовдун 90 жылдыгы деп белгиленгенин  эскертип өттү.

«Ушул залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов аркылуу бизди дүйнө жүзү таанып отурат. Адамзаттын асылы, адабияттын алпы өзүнүн өзгөчө стили менен чыгармаларын жаратып келген, дүйнөлүк масштабда экология, наркомания, манкуртизм көйгөйлөрүн көтөргөн. Ар бир инсан Айтматовду билүүгө тийиш. Бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайларга Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларды көрсөтүп, залкар жазуучубуз жөнүндө маалыматтарды окутуп, үйрөтүшүбүз керек», - деди депутат.

Жакында кыргыз тили майрамы болоорун айткан депутат, өзү учурда мамлекеттик тилге катуу басым жасап үйрөнүп жатканын билдирди.

«Кыргызда мындай сөз бар: «Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн -уят». Окуйлу, үйрөнөлү. Акын Байдылда Сарногоевдин «Орус тили жылдызда, биздин улуу заманда. Бирок кыргыз кыргызча, сүйлөбөсө жаман да» деген сөздөрү жүрөктө калат. Сөзүмдү Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу» деген сөзү менен аяктадым», -деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, депутат Пархат Тулендыбаев КР гимнин туура эмес ырдап берип, социалдык тармактарда катуу сынга калган. Эртеси элден кечирим сурап, кайра туура аткарып берген.