13.09.2018 17:18

Депутат парламент жыйынына УКМК менен Башкы прокуратура өкүлдөрүн чакырууну сунуштады

Депутат парламент  жыйынына УКМК менен Башкы прокуратура өкүлдөрүн чакырууну сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина спикерге кайрылып, парламенттин кийинки жыйынына УКМК, Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакыруу сунушун берди.

«Мен азыр президиумга, спикерге кайрылат элем. Келгиле, кийинки жыйынга бул жакка УКМКнын төрагасын, Башкы прокуратураны, Коррупцияга каршы кызматтын жетекчисин чакыралы. Алар коррупция менен курөшүү боюнча өлкөдө жүрүп жаткан тергөө иштери тууралуу маалымат берсин. Мен бул күрөштү тандалма жүрүп жатат  деп эсептейм. Ушул күнгө чейин Кулматов суракка чакырылбай жатканынын себеби, 3 айдан бери тергөөнүн жыйынтыгы жок экени тууралуу маалымат беришсин», -деди эл өкүлү.

Ошондой эле, Карамушкина экс-президент Атамбаевге «Ак Шумкар»  белгиси бериле турганы боюнча буйрукка былтыр 27-ноябрда кол коюлса да, ушул кезге чейин берилбегенине нааразычылыгын билдирди. 

«Президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жыл мурда чыккан буйругуна ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле. Бир жыл өтсө да бул буйрук аткарыла элек, буга ким жооптуу, президенттин бул буйругун ким аткарбай жатат? Мунун аягы жакшы болбойт», - деди Карамушкина.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында ант бергенден кийин президенттик кызматындагы биринчи жарлыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарган. Ага ылайык, экс-президентке эң жогорку «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле.