18.07.2018 09:41

Дипломдук иш үчүн 400 доллар талап кылган кафедра башчысы акча алып жаткан жеринен кармалды

Дипломдук иш үчүн 400 доллар талап кылган кафедра башчысы акча алып жаткан жеринен кармалды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы студентинен 400 доллар талап кылган деп шектелүүдө. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Аталган кызматка жогорку окуу жайдын «Г.Т.» аттуу бүтүрүүчүсү арыз менен кайрылып, андан дипломдук ишти коргоодо жакшы баа коюп берүү  үчүн акча талап кылып жатышканын билдирген. 

Бул факт боюнча 225-берене (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш иши козголду. 

2018-жылдын 14-июлунда атайын операция учурунда 27 миң сом акча алып жаткан жеринен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы «С.Р.» кармалды. Териштирүү иштери жүрүүдө.