07.09.2018 11:41

ДКО. Италиялык коноктун рюкзагы Жалал-Абадга кетип жаткан унаадан табылды

ДКО. Италиялык коноктун рюкзагы Жалал-Абадга кетип жаткан унаадан табылды

Кырчын жайлоосунда италиялык коноктордун Токтогулга сапар алган рюкзагы ээсине кайтарылып берилди. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБ маалымат кызматынан билдиришти.

Дэн менен Алесандро Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн атайын Италиядан келген. Кырчындагы оюн-зооктордун акыркы күнүндө алар этношаарчаны кыдырып, кыргыздардын улуттук маданияты менен таанышууну чечишкен. Боз үйдүн ички жасалгасын карап атып, койгон рюкзагын унутуп, чыгып кетишкен. Эстеп кайтып келген коноктор боз үйдү ордунан таппай калышкан. Дароо милициянын убактылуу пунктуна кайрылышкан.

«Сураштырып көрсөк, ал жерге тигилген боз үйлөр Токтогул шаарчасынын жашоочуларына таандык экен. Жолдо нөөмөттө турган милиция кызматкерлери менен рация аркылуу байланышып, боз үй жүктөп бараткан автоунаа токтотулду. Рюкзак табылып, ээсине кайтарылып берилди», -деп билдиришет маалымат кызматтан.