24.08.2018 09:31

ДКО учурунда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт

ДКО учурунда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт

 3-6-сентябрда Кырчын капчыгайындагы этношаарчага акы төлөнүүчү кичи-бустар каттайт. Бул туурасында ДКО катчылыгынан билдиришти.

Маалыматта жүргүнчүлөрдү жыйноочу негизги түйүндөр белгиленгени айтылат. Алар: 

- Чолпон-Ата шаарынын автобекети;

- Чолпон-Аты шаарынын ат майданы;

- «Ысык-Көл Аврора» санаторийи ( Булан-Сөгөттү айылы);

Жол киренин баасы аралыкка жараша бир адамга 50 сомдон 70 сомго чейин. Кырчын капчыгайына жеңил унаалардын  кыймылы бир гана багытта жүрөт. Унаалар Семёнов капчыгайынан кирип, Григорьев капчыгайынан чыгат.

Кырчындын өзүндө жогорку даражалуу конокторду ташыган  кортеждердин учурунда убактылуу чектөөлөр менен жүргүнчүлөр үчүн автоунаалар эки багытта жүргүзүлөт. Кырчын этношаарчасында 10 миң автоунаага ылайык акысыз унаа токтотуучу (жеке машиналуу коноктор үчүн) жай каралып, ал этношаарчанын маңдайына жайгаштырылган.

Ал эми, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ачылыш жана жабылыш аземдерине коноктор үчүн акысыз автобус шаттл-бастары каралганы да маалымдалган. Алар ат майдандын аймагына жүргүнчүлөрдү жеткиришет.