07.05.2018 10:20, Айнура Исмаилова
Дмитрий Медведевдин өкмөтү отставкага кетет
Бүгүн Россиянын Дмитрий Медведев баштаган өкмөтү отставкага кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Мамлекеттик Думадагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик Дума 7-майда Владимир Путиндин инагурациясынан кийин президент министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерди сунуштайт деп күтүп жатышат.
Эртең 8-майда Мамлекеттик Думанын депутаттары жаңы келе турган өкмөт башчы тууралуу маселени карашмакчы.
Эске салсак, 2012-жылы Россия Федерациясынын президенти Путиндин инагурациясынан кийин эки саатка жетпей эле Дмитрий Медведевдин талапкерлиги Өкмөт башчылыкка сунушталаары белгилүү болгон.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: