25.04.2018 15:44

Документтерди консулдук мыйзамдаштырууга өзгөртүүлөр киргизилди

Документтерди консулдук мыйзамдаштырууга  өзгөртүүлөр киргизилди

2018-жылдын 1-майынан тартып, документтерди консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашырууда, мурда документтерге коюлуп жүргөн мастикалык штамптардын ордуна, КРнын консулдук мыйзамдаштыруу чаптамалары колдонулат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күндөн 5 жумушчу күнгө чейин кыскарат. Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу өтө шашылыш мөөнөттө, 2 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат.

Консулдук мыйзамдаштыруунун чаптама бланкы жасалмалоодон максималдуу коргонууну камсыздаган, мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо колдонулган коргоо элементтерин камтыган атайын кагазда басылат.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган.