05.04.2018 13:00

Дүмүрү калып, өзү жок. Борбордогу бактардын кыйылышы

Өткөн бир жылда эле жолду кеңейтүү үчүн 2000ден ашык бак-дарак кыйылган. Ал эми быйыл 300гө жакын. Анын арасында жарым кылымдан бери өсүп келе жаткан таптаза теректер жана кара жыгачтар да бар.

Шаар дарактардан тазаланып жатканынын себеби жолдор кеңейтилип жатат деп билдирет мэрия. "Тазалык" ишканасы берген маалыматка ылайык, быйыл кыйылган бактардын жетимиш жетөөсү гана оорулуу, авариялык абалда болчу.

Ар бир кыйылган бак-дарактын оордуна 15 көчөт тигилип жатканын калаа бийлиги кабарлайт.

Албетте, жаңы асфальт төшөлгөн түз жол жакшы, бирок таза абага жетпейт дешет экологдор. Анткени Бишкектеги абанын булганышы менен жалгыз бак-дарактар гана күрөшүп жатышат. April.kg кабарчысы Айгөкул Дайырбек кызы шаар тургундарынын нааразычылыгын угуп келди