10.04.2018 12:34

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы 53 айылды таза суу менен камсыз кылууга каражат бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы 53 айылды таза суу менен камсыз кылууга каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык  үстөк менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген. Өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен ушул багытта аракет жасайт.