06.04.2018 17:46

Лилия Бурунчук: Кыргызстанда өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар

Лилия Бурунчук: Кыргызстанда өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр  бар

Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттары  Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын 2018-2023-жылдардагы кызматташтык стратегиясы боюнча долбоор менен таанышты. Иш-чарага Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук баштаган эксперттер тобу катышты.

Вице-спикер Асел Кодуранова Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын кызматташтык стратегиясы боюнча жаӊы долбоордун бетачары менен куттуктап, эл аралык өнөктөргө өлкөдөгү экономикалык абал, анын ичинде кыргыз парламентинин иши жаатында учкай маалымат берди. «Дүйнөлүк банк Кыргызстандын эӊ ишенимдүү эл аралык өнөктөштөрүнүн  бири болуп саналат. Анын каржылык көмөгү менен көптөгөн ири долбоорлор ишке ашырылууда. Мындай кызматташтык алакалар мындан ары да ийгиликтүү улана турганына тереӊ ишенем», - деди ал.

Ал эми Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Кыргызстанда туруктуу өнүгүп, калктын жашоо турмушун жакшыртууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. «Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын 2018-2023-жылдардагы кызматташтык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу жүрүшүндө биздин эксперттик топ Кыргызстандын экономикасын тереӊ талдап чыгып, ушундай бүтүмгө келди. Силерде таза суунун мол кору бар. Андан тышкары, туризмди, айыл чарбасын, тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн да келечеги чоӊ. Эӊ башкысы – калкыӊар жаш. Мунун да өлкө экономикасын өнүктүрүүдөгү мааниси зор», - деди ал.

Эл өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын КР менен кызматташтык стратегиясынын долбоору менен таанышты