16.04.2018 10:00

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 550 адам ыктыярчы болуп тандалды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 550 адам ыктыярчы болуп тандалды

Сапар Исаков  Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу ыктыярчылар менен жолугушту. Майрамдык иш-чараны ачууда, өкмөт башчы ыктыярчы болуу – бул чоң жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.

« Дүйнөдө биздин Оюндардын аналогу жок, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси болуп калды. Биздин оюндар келечекте Олимпиадалык оюндар катары ийгилике ээ болооруна менин ишенимим чоң. Өзгөчө, ыктыярчылардын ишин белгилеп кетким келет, алардын катышуусуз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес. Дал ушул сиздерден – Көчмөндөр оюндарынын волонтёрлорунан, Кыргызстанга келген меймандар, туристтер биздин өлкө тууралуу кандай пикирде калаары көз каранды», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр мындай долбоорлорду өткөрүүнүн артында өлкөнүн келечеги жаткандыгын жана бир нече убакыттан соң, анын натыйжасы байкалаарына басым койду.

Эскертсек, III ДКО даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Катчылыкка мурдараак волонтер болууну каалаган 3460 билдирме келип түшкөн. Анын ичинен 1000 билдирме экинчи баскычка – аңгемелешүүдөн өтүүгө тандалган. Экинчи этап жыйынтыгы боюнча ДКО 2018 катышуу үчүн 802 волонтерго талапкер менен угуу өткөрүлгөн. Комиссиянын чечими боюнча Оюндарга катышуу үчүн 550 адам тандалып алынган, алардын 40ы – дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген чет элдиктер.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2 – 8-сентябрында Ысык-Көл жээгинде өтөт.