15.05.2018 12:21

Дүйшөнбек Зилалиевдин соту 25-майга жылдырылды

Дүйшөнбек Зилалиевдин соту 25-майга жылдырылды

Бүгүнкүгө белгиленген Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы Дүйшөнбек Зилалиевдин соту сот төрагасы Эмил Кайыповдун ооруп калганына байланыштуу, 25-майга жылдырылды.

Буга чейинки соттук отурум 2-майда болгон. Анда ИИМ Академиясынын курсант кызы Зилалиев ага форма жөнүндө эмес, бомба жөнүндө айтканын тастыктаган. 

Эске сала кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге  Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү "өкмөттүк жолго бомба коюлган" деген жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш иши козголгон.

Зилалиев өзү курсант кызга "бомба тууралуу эмес, жарашып турган форма тууралуу айткам" деп танып келет.