07.04.2018 19:31

Ээнбаш табыпты ким тыят?

Рак оорусуна чалдыккан аялга үй шартында операция кылам деп өлтүрүп алган табып өзүнүн кара ишин дагы деле улантууда. Интернет тармактарында өз ишмердүүлүгүн ачык-айкын  жарнамалап жаткан табып Хашим Зайналиевдин үйүнө April.kg кабарчылары келип, иштеп жатканы чындыкпы,  текшерип көрөлү дешти эле, канча саат күткөндөрүнөн майнап чыккан жок.  Ал  киши чыгармачыл топко чыгып,  ачык сүйлөшүүдөн качты.