05.11.2018 15:38

Эки колун токко алдырган жоокерге биринчи протез бир айдан кийин салынат

Эки колун токко алдырган жоокерге биринчи протез бир айдан кийин салынат

Аскер кызматын өтөп жүрүп, токко урунуп эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге бир айдан кийин протез салынат, бирок, азырынча бир колуна гана. Бул туурасында April.kg порталына Башкы штабдын басма сөз борборунун башчысы Гүлзат Жарашева билдирди.

Анын айтымында, 3-ноябрь күнү медициналык борбордун дарыгерлери жоокердин үйүнө барып, абалын көрүп келишти.  

«Дарыгерлер жабырлануучунун сол колун текшерип көрүшүп, кесилген жер бир ай ичинде ойдогудай бүтсө, протез койгонго даяр болуп калаарын билдиришти. Сапарбаевди рентгенге тартып, протез үчүн колунун өлчөмүн алышты», -дейт Жарашева.

Маалыматка караганда, жабырлануучуга протезди Бишкектеги жеке менчик клиникадан, жергиликтүү дарыгерлер салып беришет.

«Биз бул кырсык болгондо эле Бишкектен жеке менчик медициналык борборду таап, протез боюнча сүйлөшкөнбүз. Анда бир колу эле кесилген болчу. Дарыгерлер ал колуна протезди бекер салып бергенге макул болушкан. Кийин экинчи колун да кесүүгө туура келди. Протез өзү кымбат турат экен, болжол менен 30 миң доллардын тегерегинде. Андыктан, экинчи колуна төлөнүп калышы мүмкүн. Биз албетте, баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Салына турган протез абдан жеңил, салмагы 500 граммга да жетпейт. Кубаттаганда да колдон чечпей туруп эле, кубатталат экен. Биз жоокерге ыңгайлуу болот деп ойлоп жатабыз», -деп билдирди полковник.

Эскерте кетсек, ушул жылдын август айында Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жүргөн 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунуп, алгач бир колу, кийин экинчиси кесилген. Ал апасынын таянган жалгыз уулу экени айтылган.