13.08.2018 09:14

Эки жүк ташуучу унаанын кагылышы Боом капчыгайында тыгын жаратты

Эки жүк ташуучу унаанын кагылышы Боом капчыгайында тыгын жаратты

Эки ири жүк ташуучу унаанын кагылышы Боом капчыгайында узун жол тыгынын жаратты. Кырсык Кыз-Күйөө айылынан алыс эмес жерде кечээ, 12-августта болгон. Бул тууралуу April.kg порталына күбөлөр билдиришти.

Болжол менен, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес, бирок айдоочулар жарым саат өтө албай турушкан. Жерине келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жолду тазалаган соң, кыймыл кайра жанданган.