03.10.2018 13:35

Экотехинспекциядагы коррупция: Мурунку басма сөз катчысынын айткандары тастыкталды

Экотехинспекциядагы коррупция: Мурунку басма сөз катчысынын айткандары тастыкталды

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан мекемедеги коррупциялык фактыларын изилдөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы өз ишин жыйынтыктады.

Комиссия Экотехинспекциянын ишинен төмөндөгү мыйзам бузууларды таап чыккан: 

  • А.Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган. 
  • Инспекциянын борбордук аппаратынын жана территориалдык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери иште көрсөткөн жакшы жыйынтыгы үчүн эмес, майрам күндөр үчүн айлык акыга кошумча акча алып турушкан. Алсак, 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом сыйлык катары төлөнгөн. 2017-жылы жалпы суммасы 2 млн. 30 миң  666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлык катары жумшалган акчанын жалпы суммасы  — 7,2 млн. сомду түзгөн. Андан тышкары укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен инспекциянын кызматкерлерине материалдык жардам катары 2016-жылы 1 224 507 сом, 2017-жылы 1 816 317 сом жана 2018-жылдын январь айынан 4-сентябрга чейин 584 867 сом бөлүнгөн. Баардыгы 3,6 млн. сом.
  • Экотехинспекциянын финансылык-экономикалык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматкерлердин айлык маянасын төлөп берүүдө  өздүк карточкаларына  маянанын өлчөмүнөн көп суммада каражат которгону жана ошол эле маалда кассадан накталай акча каражаттарын бергендиги текшерүүдө аныкталган. Чыгым - 396 миң 113 сомду түзгөн.
  • Белектерди сатып алуу үчүн 45 000 сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, ошондой эле белектерди алуу жана бөлүп берүү туурасындагы тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.
  • Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптары боюнча сыйлыктарды жана материалдык жардамдарды төлөөнүн мыйзамдары, өздүк форманы сатып алууда жана аны таркатууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
  • Экотехмаминспекция тарабынан камсыздоочуларга 1 167 335 сом которулган менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796450 сомун гана түзгөн.  Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370885 сом ашыкча которулган, ал эми (өз убагында тапшырбагандыгы үчүн)  айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394800 сом кайтарылууга тийиш.
  • Экотехмаминспекция мамлекеттик сатып алуулар боюнча түзгөн келишиминин шарттары боюнча камсыздоочу тарап атайын жүк ташуучу 3 даана техниканы келишим түзгөн күндөн тартып 30 календардык күн аралыгында же болбосо 2018-жылдын 3-мартына чейин тапшырышы керек болчу. Бирок келишимдин шарттары  камсыздоочу тарабынан аткарылган эмес жана бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн автомашиналар жеткирилип берилген эмес.
  • Ведомстволук форма кийим кийүү каралбаган  кенже жана техникалык тейлөө персоналдарына (иш кагаздар менен иштөөчү адис, башчынын катчысы, айдоочу), финансылык-экономикалык башкармалыктын 45 кызматкерине 268 миң сомго формалык кийим сатып алынган.
  • Комиссия тарабынан Экотехмаминспекцияда мамлекеттик жарандык кызмат боюнча мониторинг жүргүзүлүп, мыйзамды одоно бузуулар аныкталган.
  • Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын бузуу менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесинин негизинде эмгек келишими боюнча бош административдик мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоо болгону аныкталган. Ушундай «убактылуу» дайындоолордун мөөнөтү көп убакытка созулат. Кызматкерлер боюнча актыларды жана башка материалдарды талдоо көрсөткөндөй, бош кызмат орундарына дайындоодо кыска мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү менен кийин дайындалган адамдар ачык конкурста жогоруда көрсөтүлгөн негиздемелер менен катышуу практикасы байкалган.  Анын жыйынтыгы менен алар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык де-юре кызматка дайындалышкан. Мындай  фактылар мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын ишенбөөчүлүгүнө негиз болуп, конкурстун калыстыгына шек туудурат.
  • Экотехмаминспекциянын жетекчилигинин өз ишмердигин уюштуруусуна жана натыйжалуулугуна талдоо  жүргүзүү  алар өз ишмердигин оптимизациялоо жана сапатын жогорулатуу боюнча  максаттуу  иш жүргүзүлбөгөндүгүн көрсөттү. Инспекциянын  жетекчилигинин компетенттүү эместиги жана керектүү квалификациянын жоктугу белгиленди. 
  • Экотехмаминспекциянын жетекчилиги тарабынан  антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлбөйт. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жок, ведомстводо коррупциялык тобокелдерди жана коррупция көрүнүштөрүн болтурбоо  боюнча чаралар көрүлбөй,  милдеттер коюлган эмес. Мындай жагдай   Экотехмаминспекциянын тутумунда  коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдүн туруктуу болушуна  шарт түзөт.

Экотехмаминспекцияда түзүлгөн кырдаалга ыкчам жооп кылуу жана аны оңдоо максатында Комиссия төмөнкүдөй тыянакка келди:

Экотехмаминспекцияда ченемдик укуктук актыларга ылайык ага жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди тийиштүү деңгээлде ишке ашыра албайт. Мындай кырдаал бул мамлекеттик органдын ишмердигинин натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат Экотехмаминспекцияда иш жүзүндө аткарылбайт.

А.Мамбеталиеванын кайрылуусунда айтылган Экотехмаминспекциядагы мыйзам бузуулар, анын ичинде финансы жана кадрлар менен иштөө чөйрөлөрүндөгү кемчиликтер кандайдыр бир деңгээлде аныкталды. Ушунун өзү эле мыйзамда аныкталган милдеттерин ишке ашыруудагы Экотехмаминспекция жетекчилигинин жана профилдик багыттардын жетекчилеринин демилгесиздигин, иштеги одоно кемчиликтердин далили болуп саналат.

Комиссия иштеп жаткан учурда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан тийиштүү прокурордук жооп кылуу актылары киргизилди.

Комиссия кемчиликтерди четтетүү жана кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.

А. Мамбеталиеванын кайрылуусу жалпыга маалымдоо каражаттарында коомдук резонанс жаратып, Экотехмаминспекцияда коррупция фактыларын ачыктаганы калк тарабынан колдоо тапканын, ошондой эле  Комиссия тарабынан аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине Экотехмаминспекцияда бир катар кызмат адамдарынын, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуу жана башкармалыктардын начальниктеринен тартып, мамлекеттик органдын жетекчилигине чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн профилдик бөлүмдөрү Экотехмаминспекциянын  ишмердигин регламенттеген колдонуудагы ченемдик актыларын, анын түзүмүн жана ведомствого жүктөлгөн милдеттерге жана максаттарга ылайык келээрин талдап чыгуу сунушталды.