18.10.2018 08:30

Экотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кайра жумушуна кайтты

Экотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кайра жумушуна кайтты

Иштеген мекемесиндеги коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшөм деп жатып, кызматынан ажыраган басма сөз катчы кайра жумушуна чакырылды. Бул сүйүнүчү менен Анара Мамбеталиева Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында бөлүштү. 

Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчилиги  басма сөз катчысын кызматтан алуу тууралуу 15-августта чыккан буйрукту жокко чыгарды. Эми 19-октябрдан тарта Анара Мамбеталиева мурунку иш ордуна барат.