30.01.2019 15:38

Экс-мэр Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Экс-мэр Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Экс-мэр Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул туурасында жактоочу соттук отурумдун жүрүшүндө билдирди. 

С.Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн себептеринин бири катары кылмыш ишти жактоочу тарапты кабардар кылбай туруп, Октябрь райондук сотуна которуп жиберишкенин айтты.  Жактоочунун айтымында, бул - аймактык соттолуучулукту бузуу.  

«Кылмыш иши 28-декабрда бизди кабардар кылбай туруп, сот Алиевге түшүп жатат. Ал бир нече күндүн ичинде 24 томдон турган иш менен таанышып чыга калып, Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим чыгарды. 14-январда иш башка судьянын өндүрүшүнө түшүп атат, ал ишти карабай туруп эле, 28-январга сот отурумун белгиледи. Иш кайра Октябрь райондук сотуна келүүдө, тескерисинче болушу керек эле. Сиз бул ишти кароодо адилетсиздикке жол бересиз деп эсептейм», - деди Слесарев.

Мындан кийин төрагалык кылып жаткан сот чечим кабыл алуу үчүн башка бөлмөгө  чыгып кетти.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурумда судья Кымбат Архарова төрагалык кылууда.