02.05.2019 11:16

Экс-мэрлердин иши. Сот жактоочунун өтүнүчүн четке какты

Экс-мэрлердин иши.  Сот жактоочунун өтүнүчүн четке какты

Бүгүн, 2-майда Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге козголгон кылмыш ишин кароо уланууда. Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Сергей Слесарев процесске коомдук коргоочу катары Токтайым Үмөталиеваны катыштырууну өтүндү.   

Анын айтымында, Үмөталиеваны иштен четтетүү чечими өзү жокто кабыл алынгандыктан, мыйзамсыз болуп эсептелет.  Токтайым Үмөталиева өз кезегинде отурумга катышууга укугу бар экенин, анткени ишти кароонун башында эле бул тууралуу макулдашылганын билдирди. Ошондой эле, аны четтетүү тууралуу документти көрсөтүүнү талап кылды. 

Прокурор Үмөталиеванын соттук процесске катышууга ыйгарым укугу жок экенин билдирди.  «Жазык-процесстик кодексте мындай эреже жазылган эмес. Ал көрүүчү катары гана катышышы мүмкүн», - деп билдирди прокурор. 

Өз кезегинде, экс-мэр Кубанычбек Кулматов Үмөталиеванын отурумга коомдук коргоочу катары катышышын суранды.

«Жактоочумдун жоктугу менин абалымды начарлатат», -деди Кулматов. 

Сотко төрагалык кылган Кубанычбек Касымбеков Сергей Слесаревдин өтүнүчүн канааттандырган жок. Бирок, Токтайым Үмөталиева залдан чыгууга каршы болуп, баары бир өз оюн айтып, бузууларды көрсөтүп тураарын билдирди.