20.07.2018 16:53

Эксперимент: жашоо минимумунун акчасына эмне келет?

Кыргызстанда жашоо минимунун көлөмү 15 сомго көбөйтүлдү. Буга байланыштуу төмөнкү чек 4900 сомго кептелди. Анын ичинен күнүмдүк тиричилик товарларына 783 сом бөлүнгөн. Тыйыны менен 830 сом кызмат алууларга сарпталат. 98 сому салыктарга жумшалышы керек. Андан калган 3814 сом бир айлык азык-түлүк баштыгына коройт деп эсептешкен.

Биздин кабарчылар берилген акчага чынында кандай азык түлүк келерин байкап көрүүнү чечишти. Бир жумага деген каражатты көрүп - мышык ыйлачудай - 743 сом. Акчаны үнөмдөсө баарына жетеби деп жалаң гана арзан азык-түлүк тандашты. Кесилип калган сабиз, эскирип кеткен калемпир жана помидор, бешбармакка эт эмес, карын. Бирок канча тырышканы менен акчасы эң маанилүү делген - суу май, кант жана балыкка жетпей калды.