19.11.2018 21:20

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8 айдан бери үн катпаганынын себебин айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8 айдан бери үн катпаганынын себебин айтты

КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев 8 айлык тыныгуудан кийин биринчи маегин берди. Бул убакыт аралыгында КСДПнын штабы белгилүү бир билдирүүлөрдү жасап келген, бирок, Атамбаев өзү көпчүлүккө чыгып, бир нерсе айтуудан карманып келген. 

«Быйыл март айында өткөн КСДПнын акыркы съездинен кийин мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго, 3 каалоо жана эскертүү айттым. Анан мындан бир жыйынтык чыгаар бекен, айткандарымды эске алаар бекен деп күттүм. Биринчи жылында тынч иштегенге мүмкүндүк берейин дедим. Менин унчукпаганымдын себеби мына ушул болду», - деп билдирди экс-президент «Апрель» телеканалына берген маегинде.