07.04.2019 15:09
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель Революциясынын 9 жылдыгына карата өткөн митинг-реквиемге катышты (сүрөт жана видео)
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде Апрель Революциясынын 9 жылдыгына карата өткөн митинг-реквиемге катышты. Иш-чара «Медиа-Форум» имаратынын алдында болуп өттү.
Алгач 2010-жылкы Апрель окуялары учурунда окко учкандардын эстелигине гүл коюлуп, андан соң алардын арбагына багышталып, куран окутулду. Кийин чогулгандардын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.
Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Карамат Орозова, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, коомдук жана саясий ишмерлер, Апрель коогалаңында курман болгондордун туугандары жана башка шаар тургундары катышты.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: