12.09.2018 19:40

Экс-президент тууралуу туура эмес маалымат тараткан басылма редакторлору Комиссия отурумуна келген жок

Экс-президент тууралуу туура эмес маалымат тараткан басылма редакторлору Комиссия отурумуна келген жок

Туура эмес маалымат таратып жаткан басылма редакторлору ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды кароочу комиссиянын бүгүн саат 18:30га белгиленген биринчи отурумуна келген жок. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Комиссия мүчөлөрү арызданган тарапка тактоочу суроолорду берүү менен отурум жыйынтыкталды. Кийинки отурум 19-сентябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, КСДП «Майдан-пресс» басылмасы, Kyrgyztoday.kg жана Nazarnews.kg интернет-ресурстары таратып жаткан маалыматтар журналисттердин Этикалык кодексин бузуп жатканын жүйөө келтирип, ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды кароочу комиссияга кайрылган. 

Тактап айтканда, партия өкүлдөрү  2018-жылдын августунда «Майдан-пресс» басылмасында «Атамбаевдин Сокени кулатууга  арналган 20 миллион доллары - мифпи же чындыкпы?» аталышындагы макалага, Kyrgyztoday.kg интернет-ресурсунда жарык көргөн «Алмаз Атамбаев Чүйдүн аксакалдарын чогултуп, бийликке каршы чыгууга үндөдү» деген макалага жана Nazarnews порталында чыккан «Атамбаев төңкөрүш жасоого камданууда!» аталышындагы макалага нааразычылыгын билдирген. 

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул үч басылма тең журналисттердин Этикалык кодексин бузуп, коомду адаштырып жатат  деп эсептейт.