30.09.2019 08:57

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев атасына кат жазды

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев атасына кат жазды

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевге кат жазды. Эскерте кетсек, КР мурунку президентинин УКМКнын Тергөө абагында отурганына 2 айга жакындап калды.

Катта Кадыр Атамбаев атасынан үйдөгүлөр үчүн кам санабоону өтүнөт. Ошондой эле, өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар менен бөлүшөт. 

«Мен сизге бул жуманын эң кызыктуу жаңылыктары тууралуу айтып бергим келип турат.  Балким, бул кабар сизге да жеткендир, Канат Сагымбаевди кармап, СИЗО-1ге киргизишти.  Мен соттук отурумга катыштым, мунун баары албетте, кейиштүү көрүнүш. Үй-бүлөсүнө, жубайына кайрат айттым.  Экинчи жаңылык-  16-сентябрда чек арада болуп өткөн жаңжалдын кесепеттери. Бийлик №2021 чек ара заставасын алып салууну чечиптир. Ал 2014-жылы сиз президент болуп турган убакта коюлган эле.  Аны сиздин туулган күнүңүздө, 17-сентябрда алып салышты. Ал жер картада Кыргызстандыкы болуп белгиленген эле»,- деп жазат Кадыр Атамбаев.

Толук видеону назарыңыздарга сунуштайбыз: