07.10.2019 16:46

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев каякка учуп кетти?

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев каякка учуп кетти?

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр чет өлкөгө кетип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Бул маалыматты КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева тастыктады. Анын айтымында, Кадыр Атамбаев аспирантурага тапшырат. Бирок, анын кайсыл шаарда окуй турганы айтылган жок.

«Манас» аэропортунан алынган маалымат боюнча жакынкы сааттардагы каттамдар Москва шаарына барат. Болжол менен, Кадыр Атамбаев дал ушул шаарга учат. 

Белгилей кетсек, Кадыр Атамбаев буга чейин Германияда докторантурага тапшыруу планы болгонун, жадагалса, канцлер Ангела Меркелден чакыруу алганын билдирген. Бирок 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардан кийин ал планын жылдыра тураарын айткан.