29.05.2018 15:52

Экс-вице-мэр Айгүл Рыскуловага төш белги берүү сунушталууда

Экс-вице-мэр Айгүл Рыскуловага төш белги берүү сунушталууда

Бүгүн вице-мэрлик кызматтан кеткен Айгүл Рыскулованы төш белги менен сыйлоо сунушталууда. Мындай демилгени Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көтөрүп чыгышты. Айтымдарында, Айгүл Рыскулова жакшы иштеди. 

«Айгүл Рыскулова канчалаган жакшы долбоорлорду ишке ашырды. Көптөгөн иш чараларды уюштурду. Анын эмгегин баалаш керек. 4 жыл аралыгында жасалган иштери шаардын социалдык блок боюнча өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берди», -дешти депутаттар.

Эске салсак, вице-мэр Айгүл Рыскулова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында маалым болгон.