03.04.2018 15:45

Эл өкүлдөрү кызматтык батирлери менен коштошууга даяр. Аларды бөлүштүрүү тартиби аныкталды

Эл өкүлдөрү кызматтык батирлери менен коштошууга даяр. Аларды бөлүштүрүү тартиби аныкталды

Эл өкүлдөрү кызматтык батирлерин балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнүн тартибин аныкташты.  «Кызматтык турак үй тууралуу»  Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.

Мурунураак эл өкүлү Гүлшат Асылбаева  депутаттардын кызматтык үйлөрү бош турганын айтып, аларды балдар үйүнөн тарбияланып чыккандарга  убактылуу колдонууга берүү демилгесин көтөргөн.

Мыйзамдагы түзөтүүлөргө ылайык, батирлерди сатууга жана менчиктештирүүгө болбойт. Кызматтык үйдөгү батирлер өлкө аймагында менчик турак-жайы жок, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына берилет.

Батирди убактылуу колдонууга алуу үчүн ЖК төрагасынын атына арыз менен кайрылуу керек.  Арызга Билим берүү министрлигинен жолдомо алып тиркөө зарыл. ЖК турак-жай комиссиясы документти карап чыгат.

Андан ары, батирдеги бөлмөлөрдү жана батирлерди бөлүштүрүү алардын бошошуна жараша  кезек менен жүргүзүлөт. Эгер балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү батирде туруктуу жашабаса, чыгарылып, ордуна кезекте турган кийинки  бүтүрүүчү киргизилет.