18.04.2018 17:33

Эл өкүлдөрү унааларды каттатуу мөөнөтүн узартууну демилгелешүүдө

Эл өкүлдөрү унааларды каттатуу мөөнөтүн узартууну демилгелешүүдө

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатканы айтылат.

Мындан сырткары, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда. Анда автоунаа ээси унааны каттатуу (кайра каттатуу) эрежелерин сактабагандыгы үчүн 80 эсептик көрсөткүчтө (8 миң сом) айыппул төлөөсү каралган. Ал эми юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч  (15 миң сом) өлчөмүндө айыппул салынмакчы.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.