04.05.2018 10:41

Эл өкүлү 3 мектепке компьютер белек кылды

Эл өкүлү 3 мектепке компьютер белек кылды

Депутат Алмазбек Токторов Ноокат районундагы иш сапарынын алкагында Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө жана Ак-Булак айылдарында болду.

Аталган айыл аймагындагы 240 млн. сомдук таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышкан депутат, куруучуларды мыйзамсыз аракеттерден алыс болуп, ишти белгиленген мөөнөттө, сапаттуу бүткөрүүгө чакырды. Жергиликтүү эл менен да жолугушуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын арабаларды да берди.

Тургундар бир катар социалдык көйгөйлөрүн көтөрүшүп, аларды чечүүгө депутаттан көмөк сурашты. Алсак, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген  13 жаштагы Байэл Жээнбековдун энеси майып балдарын караган ата-энелердин пенсиясын жогорулатуу өтүнүчүн айтты. Депутат аталган маселе Жогорку Кеңеште да каралып жаткандыгын билдирип, бул жаатта алгылыктуу иштер жасалаарын маалымдады.

Мындан сырткары жолугушууда, жөлөк пул маселеси да айтылып, айлык маянанын аздыгынан мектептерде эркек мугалимдердин аз болуп жаткандыгын да мисал кылышты.

Ошондой эле депутат Саты Токторов, Тайлакбай Темиралиев жана Тажибай атындагы орто мектептерге да барып, компьютерлерди, теннис үстөлдөрү сындуу бир топ спорттук жабдууларды белек кылды.