12.04.2018 12:30

Эл өкүлү борбордогү көрүстөндөн орун алуу канча тураарын шардана кылды

Эл өкүлү борбордогү көрүстөндөн орун алуу  канча тураарын шардана кылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина көрүстөндөр темасын көтөрдү. Айтымында, эл өкүлүнө Бишкек четиндеги көрүстөндөгү көз боёмочулук жана коррупциялык схемалар боюнча кайрылуу келип түшкөн.

"Байтик айылында каза болгон адамдын сөөгүн көмүүгө көрүстөндөн орун берүү үчүн 100 миң сом сурашкан. Ал эми  жай казгандардын кызматына өзүнчө төлөш керек экен. Эмнеге мындай? Бул жер менчикпи же мамлекеттикиби? Же акча алгандары тууралуу эч кандай дүмүрчөк берилбейт экен. Жергиликтүү бийлик ушул коррупциялык иштерге көз жумуп келе жатканы кандай?", - деди Карамушкина.    

Ошондой эле, депутат жарандардан борбордо крематорий ачуу сунушу көптөн бери түшүп келатканын билдирди.