02.03.2018 12:38

Эл өкүлдөрү ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 25 жылга созууну сунушташты

Эл өкүлдөрү  ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 25 жылга созууну сунушташты

Бүгүн КСДП фракциясы өз отурумунда "Жеткиликтүү турак-жай" программасы  тууралуу сөз кылышты.  Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов таңсыктык дагы деле бар экенин, биринчи эки айда 2 миң 747 насыя берилгенин билдирди.  

Депутаттар насыя алып жаткандардын саны аз экенин айтып, себебине кызыгышты. МИК жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин билдиришинче, буга мугалимдер менен  медайымдардын маяналарынын талап кылынган шартка туура келбестиги себеп.

Шаардан бир бөлмөлүү батирди ипотекага алган адам ай сайын 20 миңдин тегерегинде насыя төлөш керек. Ал каражат насыя алуучунун айлык акысынын 50 пайызын түзүшү шарт. Демек, бир бөлмөлүү батирди 15 жылдык мөөнөткө насыяга алууну каалаган мугалим, же медайымдын маянасы 40 миң сомдун тегерегинде  болушу абзел. Учурда алардын айлык акысы 12-17 миңди түзөт. 

Депутаттар  мындай сумманы мугалимдер төлөй албасын айтып, мөөнөтүн 25 жылга чейин узартуу сунушун беришти.  

Ал эми бюджеттик эмес мекемелерде иштегендер үчүн жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү май айында башталаарын вице-премьер Санжар Муканбетов кабарлады.