24.09.2018 16:32

Элчи: Президенттик аппараттан Корея аэропортундагы чууну эч кимге угузбагыла деп чалышкан

Элчи: Президенттик аппараттан Корея аэропортундагы чууну эч кимге угузбагыла деп чалышкан

Зууракан Каденова учактын ичинен ызы-чуу чыгарган эмес, бирок, аябай ачуулуу болчу жана андан арак жыттанып жаткан. Бул туурасында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан бүгүн маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Мен ал окуяга болгондо Кыргызстанда болчумун. Биздин Түштүк Кореядагы элчиликке «Эйр Астананын» өкүлү чалып, «силердин кызматкер көйгөй жаратып жатат» деп жардам сураптыр. Мен консулга чалдым. Биздин кызматкерлер аэропортко жеткиче 2 саат өтүп, учак  учуп кетиптир. Ал эми, Каденова учактан түшүрүлүп, полиция кызматкерлеринин жанында экен», -деп билдирди элчи.

Кылыч Султандын айтымында, ал убакта аткаминер өтө ачуулуу абалда отурган.

«Биздин кызматкерлер барганда ал көйнөгүнүн баары кусунду болуп, арак жыттанып,  коляскада отурган экен. Баргандардын сөзүн укпай: «Мен Түштүк Кореяда 20 күндөн бери жүрөм. Ошондон бери кабар албаган, эми эмне келдиңер?», -деп кубалаптыр. Биз анын Түштүк Кореяда экенин билген эмеспиз. Мыйзам боюнча, биздин мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөгө бара жатканын Тышкы иштер министрлигине кабарлаш керек. Алар бизге кабарлашат. Бул ирет биз чиновниктин ал жакта жүргөнүнөн кабарыбыз жок болчу», -деди Султан.

Элчинин айтымында, Каденова элчилик өкүлдөрүн укпай «бүгүн кетишим керек»,-деп түнгө чейин убара кылган. 

«Эйр Астананын» өкүлдөрү Каденова кара тизмеге киргизилди, биз менен уча албайт деп албай коюшкан. Биздин кызматкерлер 2-3 саат аны сала албай жүрүштү. Акыры уча албасына көзү жеткенден кийин ага жатакана издеп жөнөшөт. Түндө кайдагы жатакана? Акыры бир мончонун жатаканасында бош орун бар экен, ошол жакка калтырышыптыр. Эртеси саат 9:00дө алып чыгып, салып жибериштиптир», -деп билдирди элчи.

«Биз чиновникти медициналык экспертизадан өткөргөн жокпуз, ал жердеги полициянын берген көрсөтмөсүнөн улам мас деп айтып жатабыз. Авиакомпаниянын дагы жүргүнчү мас абалында болгонун тастыктаган актысы бар. Мына ошол документтерди мен өкмөт башчыга бердим. Ал эми, бул чатакты эч кимге угузбагыла деп президенттин аппаратынан ким чалганы эсимде жок, катардагы кызматкер, анын артында ким бар экенин мен билбейм», -деди Кылычбек Султан.

Элчи ошондой эле, аткаминер Кореяга барган учурда эмгек өргүүсүндө экенин, мындай учурда мыйзам боюнча дипломатиялык паспорт көтөрүүгө укугу жок экенин кошумчалады.