04.05.2018 09:39

Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол эрежесин бузуулар

Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол эрежесин бузуулар

Күн сайын Бишкектин Иса Ахунбаев жана Жусуп Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер жол эрежесин орой бузушат. Бул туурасында шаар тургуну April.kg порталына  билдирди.

Белгилүү болгондой эки жолдун  кесилишинде татаал жол чырактары орнотулган.

Абдырахманов көчөсү менен түштүк багыты боюнча кыймылда бараткан унааларга оң багытка жашыл чырак батыраак күйөт. Бирок, бул багыттагы унаалардын кыймылын маршруткалар бөгөп, жол тыгындары жаралууда.

Андыктан, шаар тургуну аталган кесилишти байкоого алууну суранат.

Эгер сиз дагы кандайдыр бир окуянын күбөсү болуп калсаңыз, биздин "Элдик кабарчыга" 0505 22 55 22 номерине кыскача текст менен видео, же сүрөт жөнөтсөңүз болот.