15.10.2018 16:47

Элдик кабарчы: Бишкекте коомдук транспортто туулган күн белгилеп, спирт ичимдиктерин ичип жатышат

Элдик кабарчы: Бишкекте коомдук транспортто туулган күн белгилеп, спирт ичимдиктерин ичип жатышат

Бишкекте коомдук транспортто туулган күн белгилеп, спирт ичимдиктерин ичип жатышат. Бул туурасында шаар тургуну April.kg порталына билдирди. 

Айтымында, 13-октябрь күнү кечки 18:00 чамасында Абдрахманов көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен кооздолгон троллейбусту көргөн. Коомдук унаада эч кандай номер жок болгон. 

«Коомдук транспорт шаар тургундары үчүн иштейби же туулган күн ээлери үчүнбү? Мен аларга ким уруксаат бергенин түшүнө албай турам», -деп нааразы болду жаран.