16.11.2018 17:03

Элдик кабарчы: Киев-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайма базар жол тыгынын жаратууда

Элдик кабарчы: Киев-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайма базар жол тыгынын жаратууда

Бишкекте Ош базарынын аймагында түш оой жарым сааттан ашык жол тыгыны пайда болду. Бул туурасында нааразы шаар тургуну April.kg порталынын «Элдик кабарчы» бөлүмүнө билдирди.

«Бул - Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши. Кээ бир айдоочулар унааларын жол жээгине токтотуп коюшуптур, кээси такыр эле экинчи катарга токтотуптур. Айрым жерлерде унаасына товар коюп сатып атышат. Алардын айынан 35-40 мүнөт Ош базарынан чыга албай турдук. Мэрия кайда карап жатат?», -дейт окурман.

Белгилей кетсек, Ош базарынын тегерегинде ар дайым башаламандык болуп, жол эрежелери айдоочулар тараптан да, жөө жүргүнчүлөр тараптан да сакталбай келген. Соодагерлердин жолду бойлото жайма базар уюштурганы абалды ого бетер оорлотчу. Буга карата бийлик кандай чара көрбөсүн, кырдаал  оңолгон эмес. Жадагалса, жолдун эки тарабына тосмолорду коюу да базарды тартипке сала алган жок.

Ушул жылдын апрель айында «Берекет» базарынын өрттөнүп кетиши менен базардын айланасындагы башаламандык ого бетер күчөдү. Соода орундарынан ажыраган сатуучулар товарларын түз эле көчөгө коюп сатууга аргасыз. Анын кесепетинен мурда эки тараптуу жолго эми бирден унаа батпай бүгүнкүдөй тыгындар жаралууда. 

Мэрия азырынча бул маселеге көңүл бөлбөй келет.