05.04.2018 16:55

Электр энергияга болгон баа көтөрүлүшү мүмкүн. Акырындык менен

Электр энергияга болгон баа көтөрүлүшү мүмкүн. Акырындык менен

Электр энергияга болгон баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

Айтымында, мындай кадам электр жабдыктарын жаңылоо максатын көздөйт. Маалыматка караганда, тарифти көтөрүү боюнча сунуш учурда даярдалып жатат.

Өкмөткө быйылкы жылдын ичинде сунушталат. Акырындык менен электр энергиясынын баасы кымбаттап, 5-6 жылдын ичинде ишке ашат. Ошондой эле бул багытта калк арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлөт.