20.04.2018 09:40

“Электр станциялар” ишканасынын мурунку жетекчилерине карата баш коргоо чарасы каралды

“Электр станциялар” ишканасынын  мурунку жетекчилерине карата баш коргоо чарасы каралды

Биринчи май райсоту Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаровго карата баш коргоо чарасын аныктады. Бул туурасында МУККтун басма сөз борборунан билдиришти.

“Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Электр станциялар» ААК мурунку башкы директору, азыр убакта Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовго жана «Электр станциясынын» ААК башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1- бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту С.Авазов жана Ж.Назаровго карата тергөө аягына чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторуна камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.

Тергөө жүрүп жатат.