18.04.2018 09:30

«Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору орун басары менен чогуу камакка алынды

«Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору орун басары менен чогуу камакка алынды

Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору жана анын орун басары кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

17-апрелде ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын келип чыгышы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында шектүү катары мурдагы «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору, азыркы Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов  жана анын орун басары Жолдошбек Назаров кармалды.

Учурда кармалгандар МУККтун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.