11.10.2018 16:53

Эмгек министрлиги кыргызстандыктар ноябрда канча күн эс алаарын тактады

Эмгек министрлиги кыргызстандыктар ноябрда канча күн эс алаарын тактады

Кыргызстандыктар ноябрда 5 күн катар эс алат. Бул тууралуу April.kg порталына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Мекемеден билдиришкендей, дем алыш жана майрам күндөрүн максаттуу пайдалануу үчүн өкмөт майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алган. 

Ага ылайык, кыргызстандыктар 7синен 11-ноябрга чейин эс алышат. 9-ноябрь, жума күнү эс алганы үчүн жарандар 3-ноябрда, ишемби күнү иштешет. Бул 5 күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү. Ошондой эле, жеке компанияларга да сунушталат.  

Эскерте кетсек, 2017-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеш  7-8-ноябрды Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү деп жарыялаган.