10.05.2018 18:18

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри 7 жаштагы Ярослав Бауринге майыптар арабасын тапшырды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри 7 жаштагы Ярослав Бауринге майыптар арабасын тапшырды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри 7 жаштагы Ярослав Бауринге майыптар арабасын тапшырды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

«Уулум төрөлгөндө эле оорукчан болуп төрөлгөн. Көпкө дарыладык. Майыптык боюнча жөлөкпул алгыбыз келбей, 3 жашка чыккыча баш тартып жүрдүк. Жакшы делген клиникаларга бардык, бирок майнап чыккан жок. Бирок, баары бир айыгат деген үмүтүм бар», -дейт баланын апасы Лейсан Усманова.

Министр Таалайгүль Исакунова жыл сайын министрликте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майып арабаларды сатып алууга 8 млн сом каралаарын айтты. 

«Министрлик мындай балдар үчүн баасы 39 миңден 76 миңге чейинки 167 майып араба сатып алды. Аларды тандоочу комиссияга мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер кирди. Бул жылы дагы атайын майып арабаларды сатып алууну пландап жатабыз», - деп билдирди Исакунова.