27.03.2018 17:47

Эми жол эрежесин бузган айдоочуларга протокол электрондук түрдө толтурулуп баштайт

Эми жол эрежесин бузган айдоочуларга протокол электрондук түрдө толтурулуп баштайт

Өкмөт Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, ошондой эле кызматкерлердин кызматындагы жана алардын ишиндеги натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бурат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Сапар Исаков  жол коопсуздугу системасындагы реформалардын прогресси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. 

ЖКККББнын маалыматы боюнча азыркы учурда кызматкерлерди форма кийимдери менен камсыздоо иши жүрүп, ошондой эле заманбап ылдамдыкты аныктоочу 15 «Амата» радарлары сатылып алынды. Бул ченөөчү аспап унаалардын ылдамдыгын аныктап, ылдамдык режимин бузуу фактысын фото-видеого түшүрөт.

Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги жана Мамлекеттик салык кызматынын «Айти Сервис» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте планшет аркылуу административдик протоколду электрондук түрдө толтуруу программасы иштелип чыкканын билдирди.

2018-жылдын 22-мартынан тарта бул система Бишкек шаарынын Октябрь районунда пилоттук тартипте ишке ашырылат.

«Таза Коом» долбоорунун алкагында иштелип чыккан бул программа ЖКККББ тарабынан жол эрежесин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүгүн албоого шарт түзөт. Айдоочулук күбөлүктү алып коюу бул ведомстводогу чоң коррупция жаратуучу фактор. Планшеттердеги протоколдорду маалыматтар базасына киргизүү системасы ишке ашкандан кийин ЖКККББ кызмакерлери айдоочулук күбөлүктөрдү албастан, жол эрежени бузуу фактысын гана аныкташат», — деп түшүндүрдү Өкмөт башчы.

Анын айтымында ЖКККББ кызматкерлеринин планшеттеринде унаанын ээси, анын транспорттук каражаты, жол эрежесин бузуу фактылары,  төлөнгөн же төлөнбөгөн айыппулдары жөнүндө маалыматтар сакталат.

«Айдоочулар тарабынан жол эрежесин бузууларды фиксациялоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтөт, ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтууга алып келип, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын жогорулатууга жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Аталган долбоор текшерүүдөн өткөн соң Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик кодексинин 556 жана 558-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет.