04.10.2018 18:00

Эмне үчүн кыргыз зыяратчылары Меккеде бекер жашайт, же ата-бабаларыбыздын даанышмандыгынын бир мисалы

Эмне үчүн кыргыз зыяратчылары Меккеде бекер жашайт, же ата-бабаларыбыздын даанышмандыгынын бир мисалы

Кыргызстан жарандары Меккеге зыяратка барган учурунда мейманканаларда бекер жашаары тууралуу уктуңуз беле? Эмне үчүн кошуна өлкөлөргө караганда, биздин зыяратчылар азыраак акча менен ажылыкка барып келет? Мисалы, Тажикстан жараны Меккеге барууга 3,6 миң доллар коротсо, Түркия жараны 5,5 миң доллар жумшайт, ал эми биздин кыргыздар 2,9 миң доллар менен Меккеде 25-26 күн жашап келишет.  

Бул 20-кылымдын башында Меккеде жашап өткөн ата-бабаларыбыздын салымы экенин социалдык тармак колдонуучусу Азамат Рыскулиев өз баракчасында жазып чыкты. 

Анын айтымында, Совет мезгилине чейин, болжол менен 1917-жылдары 5 кыргыз Меккеге барып, отурукташып калат. Ал жакта соода менен алектенип, бат эле буттарына туруп,  Каабанын айланасынан жер сатып алышат. Ал жерге мейманкана салып, мекенинен келген зыяратчыларды жылуу тосуп алып, тамагын берип, кондурушчу экен. Ал кезде Кааба Меккенин соода борбору болуп эсептелген жана нефть иштетип баштай элек араптар азыркыга салыштырмалуу жакыр жашашкан. Осмондорго каршы араб төңкөрүшүнөн кийин жана Абдулазиз хандын бийликке келиши менен Каабанын айланасын оңдоп-түздөө, «Аль-Харам» мечитин кеңейтүү иштери башталат.  

«Ошондо бийлик өкүлдөрү жер ээлерине келип, жерлерин мамлекетке сатууну талап кылышат. Баары макул болуп, сатышат. Кыргыздар болсо, ойлонуп көрүүгө убакыт сурашат.  Бешөө кеңешип көрүп:«Болуптур, жерди силерге бекер эле берели. Бирок, бир шартыбыз бар: Кийин биздин жердештерибиз зыяратка келсе, меймандостук менен тосуп алып турасыңар. Бул келишим акыр заман келгиче күчүн жоготпосун» дешкен экен. Араптар көздөрүнө жаш алып, шартка макул болуп, кол алышат», -деп жазат Рыскулиев. 

Бул маалыматты April.kg порталына Муфтияттан да тастыкташты. Басма сөз катчысы Максат Атабаевдин айтымында, Орто-Азиядан барган ата-бабаларыбыз Каабадагы мечитти оңдоо башталганда, мейманканаларын мамлекеттин карамагына вакф катары өткөрүп берген. Вакф-аманат мүлк. Бул тууралуу документ кабыл алынып, анда «Орто-Азиядан зыярат кылууга келген биздин укум-тукумдар мейманканага жатып, бекер колдонушсун» деп айтылган».

«Ажылык сапар башталаарда, Азирети Муфтий ал жакка барып, вакфтын жетекчилиги менен сүйлөшүп, канча адам келеринен кабардар кылат. Алар анан өз ара сүйлөшүп, ошончо адамга мейманканадан орун камдап турушат. Даяр мейманканаларда биздин зыяратчылар 25-26 күн бекер жашашат. Каабанын айланасындагы мейманканаларды мамлекет өзү көзөмөлдөп тургандыктан, шарттары жакшы. Мен барган 2016-жылы акыркы үлгүдөгү кондиционер коюп жатышкандарын көргөм»,-дейт муфтият өкүлү. 

Бирок, анын айтымында, ал кезде азыркыдай Кыргызстан, Казакстан деп бөлүнбөй,  жалпысынан эле Орто-Азия деп аталгандыктан, ал адамдарды кыргыз болчу деп так кесе айтууга болбойт. Андыктан, араптар Орто-Азиядан барган бардык кыргыз, тажик, казактарды жогоруда сөз болгон даанышман адамдардын урпактары катары кабыл алып, меймандостук менен тосуп келишкен. 

«Бир аз мурун өзбек, тажиктер бул вакфтан чыгып кетишти. Алар өз акчасына эле мейманкана алып, жашашат. Биз болсо, бул мүмкүнчүлүктөн колдонуп келе жатабыз. Болбосо, жашаганга да төлөсөк, ажылык сапардын баасы дароо миң долларга көтөрүлүп кетмек. Андыктан, муну ата-бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен бир жакшы белеги десек да болот», -деди Атабаев.

Маалыматка караганда, Меккенин өзүндө ондогон мейманкана бар, алардын кире беришинде «КР жарандары акысыз жашайт» деген жазуусу бар такта илинип турат. Ошол эле жерде, араптар менен келечек муун үчүн пайдалуу келишим түзгөн адамдардын аттары жазылган.

«Эң кызыгы, ал жакта ошол Орто-Азиядан баргандардын урпагы, ошол жерде төрөлүп-өскөн 80-90го чыгып калган аксакал киши бар. Ал учурунда  Өзбекстанга туугандарын издеп барган экен. Ал жактан таппай, биздин Оштон тапкан. Азыр Ошко келип кетип турат»,-дейт Максат Атабаев.

Мындан улам, качандыр бир кезде араптар менен акыр заманга чейин иштей турган келишим түзүп, урпактарынын ажылык сапарына салым кошкон даанышман адамдар кыргыздар болгонунан күмөн калбайт.