20.06.2018 09:00

Энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан казынага 1 миллион сом түштү

Энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан казынага 1 миллион сом түштү

Энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан эки жыл ичинде мамлекетке 1 миллион сом түштү, Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. 

2017-жылы жана 2018-жылдын буга чейинки айларында энчилүү 10 мамлекеттик номердин ар бири аукционсуз 100 миң сомго сатылган. Түшкөн киреше 100% мамлекеттик бюджетке которулган. 

Сатылган энчилүү мамлекеттик номерлердин тизмеси: 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, мындай номерлерди каалаган жаран сатып алса болот. Бул үчүн банктын кассасына акча төлөп , Транспорттук каттоо жана айдоочулар курамынын департаментине арыз жазуу керек. Жеке унаанын документтери да болуусу тийиш.