«Эне Тынчылык» коомдук бирикмесине 6 кийим тигүүчү машина белекке берилди
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин демилгеси менен түзүлгөн «Эне тынчылык» коомдук бирикмесине 6 даана заманбап кийим тигүүчү машина белекке берилди. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Эне Тынчылык» бирикмесинин жетекчиси Жылдыз Шаменованын айтымында, бул уюм 2004-жылы түзүлгөн. Максаты майып балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын үй-бүлөлөрүнө, колунда жокторго, кары-картаңдарга колдоо көрсөтүү.
«30га жакын майып бала биздин кызматтан пайдаланат. Биз мастер класстарды өткөрүп, кол эмгекке үйрөтөбүз. Демөөрчүлөргө ырахмат. Эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин кийим тигип, акча табуу мүмкүнчүлүгү пайда болду», - деп билдирди Жылдыз Шаменова.
Министр Таалайгүл Исакунова мындай балдардын ата-энелерине шаардык калкты жумуш менен камсыздоо башкармалыгы тигүүчүлүк кесипке окууга көмөктөшөөрүн билдирди.
Демөөрчүлүк жардамды «Хьюмен Эппиэл Интернешнл» Эл аралык кайрымдуулук уюму көрсөттү.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: