Энергетиктер шаарчасында көчөнүн жарымына асфальт төшөлбөй калган

Аламүдүн районуна караштуу Энергетиктер шаарчасындагы "Созвездие" балдар бакчасынын жанында  көчөнүн унаа жүрүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлгөн эмес. Бул туурасында April.kg порталына аталган кичирайондун тургуну билдирди. 

"Аткаминерлер акча каражаттары эффективдүү пайдаланылып жатканы тууралуу айтып келишет, андай болсо, бул жолду оңдоого бөлүнгөн  каражат кайда кетти?", -дейт  нааразы окурман.

Эгер сиз дагы кандайдыр бир окуянын күбөсү болуп калсаңыз, биздин "Элдик кабарчыга" 0505 22 55 22 номерине  текст менен видео, же сүрөт жөнөтсөңүз болот.