11.09.2018 10:16

Эрдоганды аэропортто 1,5 саат күттүргөнү үчүн КР Ички иштер министри кызматтан алынышы мүмкүн

Эрдоганды аэропортто 1,5 саат күттүргөнү үчүн КР Ички иштер министри кызматтан алынышы мүмкүн

КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтан алынышы мүмкүн. Бул туурасында  kyrgyztoday.kg  жазып чыкты. Порталдын маалыматына караганда, буга Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 3-сентябрь күнү Кыргызстандын аэропортунда 1,5 саат жол тыгынына кабылган жубайын күтүп отурганы себеп.

«Кыргызстанга расмий сапары аяктаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргыз жетекчилери менен коштошуп, Тамчы аэропортуна жөнөйт. Бирок аэропортто ал 1,5 саат учуп кете албай, Кырчын жайлоосунан кайтып келе турган жубайын күтүп, жол карап олтуруп калат. Көрсө, Кырчындан кайтып келаткан кыргыз президенти менен түрк президентинин жубайларынын унаалары жол тыгынга кептелип,  эки сааттай олтуруп калышыптыр. Көргөндөрдүн айтымында тыгындын узундугу 20 чакырымга жеткен. Оюндарды көргөнү жеке менчик унаалары менен келаткан Бишкектин, көлдүн түштүгү менен түндүгүнүн айылдарынан агылган көрөрмандардын баары трассадан Кырчынга кеткен тар жолго тыгылып, жайлоону көздөй агылышкан. Ал эми Кырчындан трассага кетүүчүлөргө жол калбай калган. МАИчилердин, УКМКнын кызматкерлеринин рациялары байланыш жоктугунан иштебей, трассадан Кырчынга кетчү жолду бууп салууга буйрук жетпей айлалары кеткен. Ошентип эки өлкөнүн биринчи айымдары эки сааттай тыгында чыга албай күтүп олтурушкан», -деп жазат портал.

Кырчында, Чолпон-Атада КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басары Алмаз Орозалиев, МАИнин башчысы Канат Жумагазиевдер өздөрү жүргөнүнө карабай биринчи айымдарга коридор ачып бере алышкан эмес. Анын айынан Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын 1,5 саат күтүүгө аргасыз болгон.

«Азыр президенттик аппарат бул боюнча ИИМдин, УКМКнын кызматкерлеринин жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчиликтерин кароодо. Алардын кызматтан алынышы да мүмкүн экендиги айтылууда», -дейт kyrgyztoday.kg