11.04.2018 12:53

Эркин Чечейбаев: Министрликтеги коррупциялашкан бөлүмдүн иши электрондук форматка өткөрүлөт

Эркин Чечейбаев: Министрликтеги коррупциялашкан бөлүмдүн иши электрондук форматка өткөрүлөт

«Электрондук саламаттыкты сактоо  программасын киргизүү менен биз саламаттыкты сактоодогу бүт системаны өзгөртөбүз. Бул бейтапканалардагы электрондук  кезекке туруу гана эмес. Негизги максат- тармактагы корруцияны азайтуу жана бейтаптарга медициналык кызматтарды алууда жеңилдик түзүү».

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Эркин Чечейбаевдин сөзүнө таянып, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Чечейбаевдин маалыматында, министрлик электрондук форматка өтүүнү өзүнөн баштоону чечкен. Эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин  коррупциялашкан менчик медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмү жарандардан документтерди  электрондук түрдө алып баштайт. 

Мурда лицензия алгысы келген жеке ишкер министрликке келип, кандай документтер талап кылынаарын билип, аны топтоп,  кайра келип өткөрүп, миң убара болчу.  Тиешелүү кызматкерлердин документтерди карап чыгып, лицензия берүү же бербөө тууралуу чечим кабыл алуусу дагы бир топ убакка созулуп кетчү. 

Эми бул ишти ачык-айкын кылуу пландалууда. Каалаган адам онлайн режимде керектүү талаптар менен таанышып,  өзүнүн документтерин дароо системага жүктөй алат. Саламаттык сактоо кызматкерлери өз кезегинде экрандан баарын  көрүп турат. Лицензия алууда бардык иш-аракет ачык -айкын болот. 

Чечейбаев ошондой эле, министрликке келген кагаздарды мурдагыдай жумалап же айлап  кароо болбой турганын кошумчалады. Жаңы система аркылуу  кайсы документ көптөн бери жатат, кайсы документ каралуу стадиясында экени көрүнүп тургандыктан, кагаздарды кароо мөөнөтү кыскартылат.