03.05.2018 13:17
Эрнис Кыязов "5-каналдын" башкы директору болуп шайланды
Эрнис Кыязов "Бешинчи каналдын" башкы директору болуп шайланды. Бул туурасында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришти.
"5-канал" Жабык акционердик коомунун жалгыз акционери "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКынын 2-майдагы чечими менен Кыязов Эрнис Абибиллаевич "Бешинчи каналдын" башкы директору кызматына киришти.
Эскерте кетсек, 2007-жылдын 12-февралында алгач ирет эфирге чыгып баштаган "5-канал" 2017-жылдын 28-декабрында акыркы ирет жаңылыктарын эфирге чыгарып, каналдын чыгармачыл жамааты өз ишмердигин токтоткон болчу.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: