Эр-Риядда тогуз коргоол боюнча экинчи тур жыйынтыкталды: фоторепортаж
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында бул күндөрү «NomadUniverse» этнофестивалынын алкагында спорттун интеллектуалдук түрлөрү боюнча мелдештер өтүүдө. Бул туурасында Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынан билдиришти.
Бардыгы 35 өлкөдөн 59 спортчу катышууда. Алардын жыйырма сегизи - эркектер, отуз бири -аялдар. Этнофестивалга Африкадан - 15 өлкө, Азиядан - 13, Европадан - 5, Түндүк Америкадан - 2 мамлекет катышып жатат.
Таймаш швейцариялык система менен өтүүдө. Бүгүн тогуз коргоол боюнча 2-тур аяктады. Анын жыйынтыгы менен тогуз коргоол боюнча Пакистан, Өзбекстан, АКШ, Чехия жана Кыргыз Республикасынан барган спортчулар алдыда бара жатышат. Бардыгы 7 тур болот.
Овари боюнча Гана, Кабо Верде, Уганда, Улуу Британия жана Кыргызстандын спортчулары алдыда.
Катышуучулардын арасында Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Анарбек Жамакеев (КР), Акругу Гордон (Гана), Европа чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери Радка Незвалова (Чехия) жана Алена Максимова (Украина) бар.
Акыркы тур 17-мартта болот.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: